Алып баруучу Салтанат Саматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты 16-августта КТРКнын имаратында өтөт
Алып баруучу, ди-джей, КРнын маданиятына эмгек сиңирген кызматкер Салтанат Саматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең 16-августта КТРКнын имаратында өтөт. Маркум 15-августка караган түнү 46 жаш курагында, рак илдетинен улам көз жумду.
Салтанат Саматова 1972-жылы 1-мартта Фрунзе шаарында төрөлгөн. Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектебинде окуган. Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин музыкалык факультетин аяктаган. Эмгек жолун Кыргыз радиосунда иштеп баштап, 1996-2002-жылдары "Европа плюс" радиосунун алып баруучу болуп эмгектенген. Кийинчерээк КТРКнын "Акыл ордо" телеберүүсүнүн алып барып жана тамадалык дагы өнөрдү аркалап жүргөн.
Артында жолдошу, бир уул жана бир кызы калды.
Добавить комментарий ×