"Альянс Алтындын" медиктери "Жер үйгө" жакын аймактагы жашоочулардын ден соолугун текшеришти (Видео)

28 июль 2020 18:21 1931 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Альянс Алтын” компаниясынын кызматкерлери “Жер үй” алтын кенине жакын аймактарда жайгашкан боз үй, кашарларды текшерип, андагы тургундардын ден соолугунан кабар алды. Бул тууралуу “Альянс Алтын”ишканасы “Барометрге” билдирди.

 “Альянс Алтын” компаниясынын кызматкерлери Чоң Чычкан капчыгайынын тургундарынын абалы менен таанышып, ден соолугун текшерип келди.

 “Киргизилген карантинге байланыштуу Чоң Чычкан капчыгайынын тургундарынын дене табы, кан басымы, сатурациясы текшерилип, атайын китепчеге катталды. Жетекчиликтин тапшырмасы менен “Жер үй” кенине жакын жайгашкан аймактардын тургундарынын ден соолугун көзөмөлгө алдык “, - деп билдирди аталган компаниянын фельдшери Көктал Болотов .





 

Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyndyn-kyzmatkerleri-cho-chychkandyn-zhashoochularynyn-den-soolugun-teksherdi-video



Добавить комментарий