“Альянс Алтындын” акционерлери Талас облусуна 3 медицина аппаратын берди

7 июль 2020 15:23 2921 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Альянс Алтын” компаниясынын акционерлери Талас облусуна BiPAP медициналык аппараттарын  белекке беришти. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз катчысы Касиет Карачолокова “Барометрге” билдирди.

Бүгүн Талас облусуна үч даана BiPAP аппараты алынып келинди.

""Альянс Алтын"компаниясынын акционерлери жана жетекчилигинин чечими менен аталган аппараттар сатылып алынды”, - деп айтылат маалыматта.

“Бул кычкылтек аппараттары Талас облусундагы бейтаптардын өмүрүн сактап калууга жардам берет деп үмүттөнөбүз. Аталган жабдыктар Талас облусунун жетекчисине өткөрүлүп берилди. Алардын көлөмү чакан болгону менен, дарылоо учурунда чоң жардам берет”, - деди Карачолокова.

Аталган кычкылтек жабдыктары Талас облусунун үч ооруканасына бөлүштүрүлдү.

Компания ошондой эле аталган облус зарыл болгон башка ондогон жабдууларды - кычкылтек концентраттарын берүүгө ниеттенүүдө.

Белгилейт кетсек, ВiРАР- бул өпкөнү желдетүүчү аппарат. Аны менен бир гана коронавирусту эмес, андан тышкары клиникалык симптомдору бар бейтаптарды (демигүү, эртең мененки баш оору, уйкунун бузулушу, чарчоо ж.б.)дарылоого болот.

Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyndyn-akcionerleri-talas-oblusuna-3-medicina-apparatyn-berdi



Добавить комментарий