«Альянс Алтын» Талас облусуна арналган сүрөт көргөзмөсүн колдоого алд

14 ноябрь 2022 15:11 2410 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде «Талас жери 2022» аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды.

Таластын аты таанымал жети сүрөтчүсү өздөрүнүн кичи мекенине арналган 81 эмгекти элге тартуулашты.

Таластын таланттуу уулдары: Малабек Бутешев, Эркин Акназаров, Сүйүтбек Төрөбеков, Абдысадыр Турусбеков, Жолдошбек Казакбаев, Чыңгыз Ормонбеков жана Алмаз Шаршекеев.

Көргөзмөнүн ачылышына КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү, искусствого кайдыгер карабаган борбор калаанын тургундары жана чет өлкөдөн келген туристтер да катышты.

«Альянс Алтын» ишканасы коомдук чөйрөгө чоң көңүл буруп, таланттуу жаштарды, келечектүү спортчуларды жана көрүнүктүү өнөрпоздорду колдоп келет.

Компания бул көргөзмөнүн жалгыз демөөрчүсү болуп гана тим болбостон, анда коюлган сүрөттөрдү жаратууга да салым кошкон.

Буга чейин артисттердин Талас облусуна болгон сапарын каржылап, алардын жемиштүү чыгармачылык ишмердүүлүгүнө бардык шарттарды түзүп келген.

Көргөзмө 27-ноябрга чейин уланат. Сүрөтчүлөрдүн эмгегин каалаган адам көрө алат.

Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-talas-oblusuna-arnalgan-srt-krgzmsn-koldoogo-ald



Добавить комментарий