«Альянс Алтын» компаниясынын куткаруучулары Таласта үйдөн чыккан өрттү өчүрүштү

29 август 2023 11:09 Barometr
Бөлүшүү:
ok

25-августта кечинде Талас областынын Талас районундагы калктуу конуштардын биринде өрт чыккан. Чоң-Чычкан дайрасынан анча алыс эмес жердеги түтүндү "Альянс Алтын" компаниясынын видео байкоосунун операторлору көрүп калышкан. Өрт чыккан жер бийик дарактардын артында болгон.

Өрт кызматынын башчысы Э. Мейманалиевге дароо маалымат берилип, окуя болгон жерге өрт өчүрүүчү бригада жөнөтүлгөн. Тилсиз жоону өчүрүү 4 адамдан турган бир өрт өчүргүч унаа жана «Альянс Алтын» компаниясынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү.

Өрт-куткаруу кызматынын ыкчам жана натыйжалуу иш алып баруусунун натыйжасында тилсиз жоонун андан ары таркалышына бөгөт коюлду. Өрт чарба курулуштарынын бир бөлүгүнө зыян келтирип, ошондой эле болжол менен 300 чарчы метр аянттагы кургак чөп күйүп кеткен. Үйдүн кожойкеси  өрт өчүрүүчү бригадага өз маалында берилген көмөк үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-kompaniyasynyn-kutkaruuchular-brigadasy-talas-rajonunun-zhashoochusunun-jnn-chykkan-rtt-chrg-zhardam-berishti



Добавить комментарий