"Альянс Алтын" компаниясынын фабрикасы декабрь айында иштеп баштайт
Таластагы "Жер үй" алтын кенин иштеткен "Альянс Алтын" компаниясы фабрикасын ушул жылдын декабрь айында экплуатацияга берет. Ишкананын курулуш иши 85% аяктап калды. Бул тууралуу "Альянс Алтын" компаниясынын Басма сөз кызматынын башчысы Касиет Карачолокова "Марал" радиосунун түз эфири учурунда билдирди.
Анын айтымында, учурда жер жана соттук маселелер чечилип, тоо иштери башталды. Эми кенди казып алууга басым жасалууда. Фабриканы ишке киргизүү үчүн 270 млн доллар керек.
“Альянс Алтын” 4 жылда Кыргызстанга 1,5 млрд долларлык инвестициялык салым кошту. Салык эсебинде 590 млн сом төлөп, бюджетке кошумча 100 млн доллар түшүрүп берди. Ошондой эле "Бакубат Талас" фондуна 450 млн сом котордук. Эл аралык сотто мурдагы инвестордун Кыргызстанга койгон доосу бар болчу. Бул маселе да инвестор тарабынан чечилген. Биздин компанияда иштегендердин 80% жергиликтүү калк. Мындан сырткары 260 киши окутулуп жатат”, — дейт Карачолокова.
Анын берген маалыматына таянсак, "Жер үйдө" учурдагы эсеп боюнча 80 тонна алтын бар. "Альянс алтын" иштей баштаса, жылына 4 тонна алтын казылып алынат. Жалпы 3,5 млрд доллардык кирешенин 1,5 млрд доллары салык катары республикалык бюджетке түшөт. Таза киреше 360 млн долларды түзөрү болжолдонууда.
Айта кетсек, "Альянс Алтын" ишканасы 2035-жылдын 28-августуна чейинки мөөнөткө "Жер үй" кен жатагын иштетүү лицензиясына жана 2020-жылдын 28-августуна чейин "Жер үй" аянтын геологиялык-чалгындоо иштеринин лицензиясына ээ.
Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-kompaniyasynyn-fabrikasy-dekabr-ajynda-ishtep-bashtajt
Добавить комментарий ×