"Альянс Алтын" компаниясы Талас ШИИБине кызматтык унаа белек кылды

11 апрель 2022 16:34 1621 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Альянс-Алтын” компаниясынын  “Бакубат Талас” фонду Талас ШИИБине  “Степ вагон”  үлгүсүндөгү автоунаасын материалдык колдоо  катарында алып берди. 

Аны тапшыруу аземине бүгүн Талас шаарынын мэри Шабданов Аскар, "Альянс Алтын" компаниясынын өкүлү Өмүралиев Болот, "Бакубат Талас" фондунун өкүлдөрү, Талас ШИИБнин начальниги милициянын полковниги Асрол Тантиев өздүк курамы менен катышты. 

"Милицияга көрсөтүлгөн колдоо - жалпы жарандардын коопсуздугун коргоо экендигин түшүндүрөт. 

Элдин тынчтыгы жана коомдун тартиби  мамлекеттин өнүгүүсүнө шарт түзөт", - деди Талас ШИИБнин начальниги Асрол Тантиев.

Тантиев "Алтын Альянс" компаниясына ыраазычылыгын билдирди.

Буга чейин Талас шаарынын оперативдик тобу 2008-жылы чыгарылган “УАЗ-390902” үлгүсүндөгү автоунаасы менен чакырууларга барышчу. Ал транспорт иштетилүүчү мөөнөтү өтүп, эскилиги жеткен эле. 

 

"Альянс Алтын" компаниясынын колдоосу менен Талас ШИИБи жаңы авто унаа менен толукталды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-kompaniyasy-talas-shiibne-kyzmattyk-unaany-belek-kyldy



Добавить комментарий