«Альянс Алтын» компаниясы Бекмолдо айыл өкмөтүнө зарыл болгон дары-дармектерди алып берди (Видео, сүрөт)

27 июль 2020 13:25 1688 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 «Альянс Алтын» компаниясы Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн фельдшердик-акушердик пункттарына дары-дармек түрүндө гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу аталган компаниянын басма сөз кызматына шилтеме берип «Барометр» билдирет.

Кечээ, 26-июлда директору Шайлообеком Таиров баш болгон "Альянс Алтын" компаниясынын кызматкерлери Бекмолдо айыл өкмөтүнүн фельдшердик-акушердик пункттарына дары-дармек түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүштү.

«Дарыгерлерге коронавирус инфекциясын дарылоо үчүн эң зарыл болгон антикоагулянт, антибиотик сыяктуу дары-дармектер жана 4 пульсоксиметр өткөрүлүп берилди», - деп айтылат маалыматта.

Дарыгерлердин кайрылуусун эске алып, медициналык тейлөөнүн сапатын жана оперативдүүлүгүн жогорулатуу максатында компания "Нива" үлгүсүндөгү автоунааны фельдшердик-акушердик пунктуна айдоочусу менен убактылуу пайдаланууга бөлүп берди.

Өткөрүп берүү учурунда, жергиликтүү медкызматкерлерден керектүү коргонуу каражаттары жана керектүү дары-дармектердин тизмесин сурап, зарыл болгон учурда компания, тез арада суралган каражаттарды акысыз алып, жеткирүүнү моюнуна алды.

Социалдык аралыкты сактоо менен "Альянс Алтындын" директору, кызматкерлери жана фельдшер менен биргеликте «Жер үй» кен ишканасында иштеп жаткан Бекмолдо айылынын тургундары менен жолукту.

"Компания өз кызматкерлеринин ден соолугун биринчи орунга коюп, медициналык каражаттар менен камсыздап жардам берүүгө ар дайым даяр. Мындан тышкары, ооруп калган ар бир кызматкерге тийиштүү жардам берилет", - деди Таиров.


Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-kompaniyasy-bekmoldo-ajylyna-zaryl-bolgon-dary-darmekterdi-alyp-berdi-video-srt



Добавить комментарий