“Альянс Алтын” ишканасы Таласка 12,1 млн сом өлчөмүндө жардам берди
“Альянс Алтын” ишканасы коронавирус илдети менен күрөшүү үчүн Талас облусуна 12,1 млн сом бөлдү. Бул тууралуу ОсОО «Альянс Алтын» ишканасынын басма сөз кызматына таянып “Барометр” билдирет.
Берилген 12,1 млн сом жардамды “Бакубат Талас” фонду 2,6 млн сом, калган 9,5 млн сомун «Альянс Алтын» үч этап менен бөлүп берди.
“Бөлүнгөн каражаттан биринчи кезекте медициналык каражаттар сатылып алынды. Алар: ИВЛ аппараттары, пульсоксиметрлер, кычкылтек концентраторлору, BiPAP аппараттары, реанимация үчүн экран жана термометрлер 6,8 млн сомго сатылып алынды”, - деп айтылат маалыматта.
Ошону менен катары эле, “Альянс Алтын” ишканасы Талас облусунун тургундарына 2,8 млн сомго дары-дармектерди жана жеке коргонуучу каражаттарды сатып берген.
Дезинфициялоочу каржаттарга 1,1 млн сом сарпталган.
Тамак-аш түрүндөгү жардамга 1 млн сом бөлүнгөн.
“Мындан тышкары Кара-Буура районунун аймактык ооруканасынын курулуш материалдарына акчалай жардам көрсөтүлдү”, -деди ишкананын маалымат кызматы.
Белгилей кетсек жалпы коронавирус илдети менен күрөшүүгө аталган иш кана тарабынан 16 млн сом бөлүнгөн. Анын 12,1 млн сому жумшалды.
Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-ishkanasy-talaska-121-mln-som-lchmnd-zhardam-berdi
Добавить комментарий ×