«Альянс Алтын» фондунун жардамы менен Таласта жаңы бала бакча ишке кирди

29 январь 2026 09:11 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Талас шаарында 250 орундуу жаңы бала бакча ишке кирди

Талас шаарында балдар үчүн заманбап, кеңири шарттары бар 250 орундуу жаңы бала бакча пайдаланууга берилди. Учурда 4 тайпа иштеп жатат жана мекеме кошумча балдарды кабыл алууга даяр.

Аталган имарат мурда жеке менчикте болуп, мейманкана катары колдонулуп келген. Мамлекеттик мүлктөрдү мыйзамдаштыруу иштеринин алкагында өткөн жылы мэриянын балансына кайтарылып, кайрадан бала бакчага ылайыкташтырылды.

Имаратты толук оңдоп-түзөө жана жабдуу иштерин “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду колдоп, керектүү каржылык жардам көрсөттү. Анын эсебинен ички жасалгалар, эмеректер, ашкана жабдуулары, санитардык түйүндөр, ички жана сырткы эшиктери, ошондой эле электр системалары толук жаңыланды.

Белгилей кетсек, “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду билим берүү тармагында жалпы 145 долбоорду колдоп, 83 миллион сомдон ашык каражат бөлгөн.

Жаңы ачылган бала бакча шаардагы мектепке чейинки билим берүүгө болгон муктаждыкты азайтууга өбөлгө түзүп, балдар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды камсыздайт.

Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-fondunun-zhardamy-menen-talasta-zhay-bala-bakcha-ishke-kirdi



Добавить комментарий