«Альянс Алтын» Кыргызстандын эң ири 500 компаниясынын рейтингинде экинчи орунду ээледи

16 январь 2026 14:30 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Альянс Алтын» компаниясы Кыргыз Республикасынын корпоративдик тармагынын лидерлеринин катарына кирип, 2025-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн «ТОП-500 компания: экономикадагыкаржылык туруктуулук жана түзүмдүк өзгөрүүлөр» рейтингинде экинчи орунду ээледи.

Тизмек 2026-жылдын 13-январында Улуттук статистика комитети менен «Акипресс» маалымат агенттиги («Тазабек» басылмасы) биргелешип чыгарган «500 компаниянын рейтингдери» журналында жарыяланды. Изилдөөнүн негизин Улуттук статистика комитетининжана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын расмий маалыматтары түздү.

Рейтинг экономиканын реалдуу тармагында иш алып барган 22 миңден ашуун ишкананын расмий отчеттуулугунун негизинде түзүлгөн. Изилдөөгө коммерциялык банктар, камсыздандыруу, инвестициялык жана башка каржылык-насыялык уюмдар киргизилген жок, бул рейтингди толугу менен реалдуу тармаккабагыттоого мүмкүндүк берди.

Компаниялар беш негизги экономикалык көрсөткүч боюнча иреттелди: иш менен камсыз болгондордун саны, киреше, дүң киреше, операциялык пайда жана сальдолуккаржылык жыйынтык. Мындай ыкма бизнес масштабын гана эмес, каржылык натыйжалардын сапатын жана ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун да эске алууга шарт түзөт.

2025-жылдын январь–июнь айларынын жыйынтыгында реалдуу тармактын ишканалары 736,5 млрд сом киреше алып, жалпы сальдолук каржылык жыйынтык 135,6 млрд сом пайда түздү. Бул корпоративдик тармактынтуруктуулугу сакталып жатканын көрсөтөт. Пайданын түзүлүшүнө металлургия жана кен казуу ишканалары олуттуу салым кошту, алардын катарына "Альянс Алтын" да кирет.

«Альянс Алтын» компаниясынын рейтингдеги жогорку орду анын туруктуу каржылык жана өндүрүштүккөрсөткүчтөрүн, бюджетке жана аймактардын өнүгүшүнө кошкон олуттуу салымын чагылдырат. 2025-жылдын январь–декабрь айларында компаниянын ишмердүүлүгүнөн түшкөн салыктык төлөмдөр 15,66 млрд сомду түздү, бул долбоордун масштабын жана натыйжалуулугун тастыктайт. Экономикалык таасирдин олуттуу бөлүгү Талас облусуна туура келет — милдеттүү инфраструктуралык төлөмдөрдүн, социалдык демилгелердин жана жумуш орундарын түзүүнүн эсебинен. Компаниянын өндүрүштүк аймагында 876 адам иштейт, алардын болжол менен 70 пайызы - аймактын тургундары.

«500 компания» рейтинги бизнес, инвесторлор жана мамлекет үчүн маанилүү аналитикалык курал болуп саналат. Ал рынок лидерлеринин позициясын баалоого, экономиканын түзүмдүк өзгөрүүлөрүн аныктоого жана өсүүнүн негизги чекиттерин белгилөөгө мүмкүндүк берет. «Альянс Алтын» компаниясынын рейтингдин лидерлеринин катарына кириши анын реалдуу тармактагы стратегиялык ролун жана өзгөрүп жаткан экономикалык шарттарда туруктуу өнүгүп жатканын айкын көрсөтөт.

Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-kyrgyzstandyn-e-iri-500-kompaniyasynyn-rejtinginde-ekinchi-orundu-eeledi



Добавить комментарий