Алтынбек Сулайманов: “Губернаторлорду бүгүн, азыр токтоосуз жоюу керек”

23 апрель 2019 15:30 1746 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

“Губернаторлорду бүгүн, азыр токтоосуз жоюу керек”,-деди “Бир Бол” парламенттик фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов тармактык комитеттин жыйынында.

“Айылдык кеңештин депутаттарын эл шайлайт, алар айыл өкмөттү шайлашат. Демек, губернаторлордун, акимдердин айыл өкмөттөрүнүн үстүнөн карап, көзөмөлдөгөнгө моралдык укугу жок. Губернаторлор айыл өкмөттөргө басым жасагандан башка иш кылбайт деле. 30 жылдан бери СССРдин убагындай түшүнүк менен жашап жатабыз. Ошондуктан иш ордунан жылбай жатат. Чечкиндүү кадамдарга барыңыз. Бул маселени жакшылап карап чыгыңыз”,-деди Алтынбек Сулайманов Өкмөт башчыга кайрылып.

Вarometr.kg сайты Алтынбек Сулайманов менен байланышканда “Айыл өкмөттөрү Премьер-министр менен түздөн-түз иш алып барыш керек. Ортодо эч кандай ортомчулар болбошу керек” – деп билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/altynbek-sulajmanov-gubernatorlordu-bgn-azyr-toktoosuz-zhoyuu-kerek



Добавить комментарий