Алтынбек Сулайманов 2020-жылкы шайлоодо добушун саткандарга "бааны көтөргүлө" деп кеңеш берди. Видео

22 январь 2020 17:33 3323 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулунун суроолоруна жооп берип, 2020-жылы боло турчу шайлоодогу айрым аракеттер боюнча пикирин айтты.

Депутат быйыл күздө боло турчу шайлоодо деле добуштар сатыла турганын айтып, добуш сатып алууну керек болсо өнүккөн мамлекеттер дагы толук жоё албаганына токтолду.

"Сатпа десе эле добуш сатылбай калат дегенден алысмын. Азайышы мүмкүн. Өнүккөн өлкөлөрдө дагы жок кыла алышкан эмес" — дейт депутат.

Ибраим Нуракун уулунун: - Алдыдагы шайлоодо кандай болот?

Алтынбек Сулайманов: - Добуш сатып алуу сөзсүз иштейт.

И.Н.: - Силер да сатып аласыңарбы?

А.С.: - Биз сатып алган эмеспиз.

— Кантип? Мисалы сиздерде мурдагы премьер өкмөт жетектеген адамдар, бай адамдардын баары бар да.

— Биздин тизмедеги төрт-беш киши ошол сиз айтып жаткан премьер-министрлер бардыгы Бишкек шаарынан коюшкан. Бишкек шаарынын бардыгы чогулуп, бир мандаттык добушка ээ боло албай калышкан. Себеп дегенде добуш ала албай калышкан. Эгерде сатып алышканда башкача болмок. Бизди көбүнчө региондордон шайлашкан. Биздин шайлоочуларыбыз региондон болгон. Региондогу биздин азаматтарыбыз добуш алышкан. Бирок, тилекке каршы, добуш алган балдар артта болуп калган, биз аз добуш алып калганыбызга байланыштуу көпчүлүгү депутат болуп келе албай калышты.

— Мына азыр саясий талдоочулар мандаттын баалары тууралуу да кеп кылып жатышат, 200 миң доллар, 300 миң доллар. Албетте булардын бардыгы келечекте добуш сатып алууга алып келет. Миң сом, эки иң сомдук добуш деп айтып жатышат, ар түрдүү. Мисалы сиздер деле талдап жатсаңыздар керек. Добуш берүүнүн баалары кандай болот? Мандаттын баалары кандай болот? Ушулар тууралуу ойлонуп жатасыздарбы?

— Эми мандаттын баасы ушунча 300 миң, 500 миң деген бул турмушта болуп жаткан иш да. Мисалы миң, эки миң сомго добуш сатып алды деген турмушта иштеп жатат да. Эки миң сом болсо, 5 жылды 365ке көбөйтсөңүз 1800 күн болот. Эгерде миң сомду 1800гө бөлсөңүз, күнүнө бир сом болбой калып жатпайбы. Эгер 2 миң сомго добуш сатылган болсо, туурабы? Элдин баары сатып жаткан жок. Бирок ошондой катмар бар. Турмуш бардыгыныкы жакшы эмес да. Саясатчыларга ишенбөөчүлүк бар, биринчиден. "Буларды шайлайсың андан кийин көрбөйсүң беш жыл, эң жакшысы бүгүн 2 миң сомун алып алайын" дегендер да жок эмес. Жок дегенде карызын төлөп же, бир муктаждыгын бүтүрүп алат. Ошондой маселе жок эмес...

— Демек добушун күнүнө бир сомго сатып жаткандар силерге ыңгайлуу, бирок мамлекет үчүн туура эмес, мамлекеттин келечеги үчүн туура эмес. Ушул маселени азыр токтотуш үчүн эмне кылыш керек.

— Муну токтотуш өтө кыйын. Бирок бир жолдорду тапса болот. Мен минтип айтат элем, "добушту миң сомго эмес кымбатыраак сатыш керек", 10 миң сом, 20 миң сом. Ал миң сомдук добушка караганда он эсе кымбат да. Сиз айтып жаткан 300 миң долларлык мандат 3 миллионго айланат. Ошентип эл олигархтарды жазалайт. 3 миллион долларга мандат сатып алыш пайдасыз болуп калат. Ошондо олигархтардын сатып алуусу болбой, илимдүү, билимдүүлөр, сатып албай тургандар келишет.

— Азыр сиз ошондо добушун сатып жаткан шайлоочуларга бааны кымбаттаткыла деп жатасызбы?

— Кымбаттатсын. Добушуңарды сатпагыла деп айтып жатышпайбы. 2010-жылы, 2015-жылы ага чейинки шайлоолордо ушул нерсе болуп келди да. Анан 2020-жылы болбой калат деген менин оюмча популисттик ач кыйкырык.

Ссылка: https://barometr.kg/altynbek-sulajmanov-2020-zhylky-shajloodo-dobushun-satkandarga-baany-ktrgl-dep-keesh-berdi-video



Добавить комментарий