“Алтын-Казыктагы” окуя: Жанарбектин апасы баланы Россияга алып кетүүгө ниеттенүүдө

2 май 2019 15:28 6441 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Унаага байлап алып таякеси сүйрөткөн Жанарбектин апасы аны Россияга алып кетүүгө ниеттенип жатат. Бул тууралуу Кыргызстанын акыйкатчысынын аппаратынан кабарлашты. 

Баланын апасы өткөн түнү учуп келген. Аны дароо эле Биринчи май районуна суракка чакыртышкан. Ошондон кийин аял менен КРнын акыйкатчысынын өкүлдөрү жолукту.  

Жолугушуу маалында бала таякеси Саламат менен бир үйдө чогуу турбашы керектиги айтылды. 

Жанарбектин апасы уулунун чет элдик паспорту бар экенин, айыккандан кийин алар дароо Россияга алып кетүүнү пландап жатканын билдирди.

Билими боюнча аял чет тил мугалими. Москвада ал репетитор болуп иштейт.

Эскерте кетсек, 27-апрелде «Алтын Казык» жаңы конушунда 2010-жылы туулган Ж. К.ны 1986-жылы туулган Б. С аттуу тууганы сабаганы аныкталган. Ал БМВ маркасындагы унаага баланы бир нече метрге чейин сүйрөтүп барган. Бала токтоосуз түрдө 3-клинкалык ооруканага жаткырылган.

Ссылка: https://barometr.kg/altyn-kazyktagy-okuya-zhanarbektin-apasy-balany-rossiyaga-alyp-ketg-niettend



Добавить комментарий