Алты жаштагы кызды Кара-Балтадан Бишкекке маршурткага салып ийишкен
Бишкекте милициялар Кара-Балтадан чоңдордун коштоосу жок эле маршруттук таксиге салып жиберишкен алты жаштагы кызды издеп табышты. Бул тууралуу Чүй областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” билдирет.
“Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө 8-июлда алты жаштагы кыз жоголгону тууралуу маалымат түшкөн.Туугандары кызды Кара-Балта шаарынан Бишкекке маршруттук таксиге салып жиберишкен. Бишкекке келгенде аны ата-энеси тосуп алмак.Бирок ал жоголуп кеткен. Милициялар дароо издешти”,-деп айтылат маалыматта.
Кыз Ош базарынын аймагынан табылды. Окуянын чоо-жайы такталууда.Милиция кызды ата-энесине өткөрүп берет.
Ссылка: https://barometr.kg/alty-zhashtagy-kyzdy-kara-baltadan-bishkekke-marshurtkaga-salyp-ijishken
Добавить комментарий ×