Алты министр, мамлекеттик органдын 13 жетекчиси, райондун 13 акими иштен бошотулган
Жогорку Кеӊеште Өкмөттүн 2018-жылдагы иши жөнүндө Премьер-министрдин отчету угулуп жатканда, өкмөт башы Мухаммедкалый Абылгазиев азыркы өкмөт курамына калктын ишеними кыйла төмөн экенин моюнга алды.Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.
«Азыр калктын ишеним индекси 0,6 пайызга чейин төмөндөдү, бирок ал анчалык деле жаман көрсөткүч эмес, мыйзам ченемдүү эле нерсе. Демек, мындан Өкмөт куру пиар менен эмес, күнү-түнү жалаӊ иш менен алпурушуп жатканы байкалып турат», - деди ал.
Андан тышкары, Премьер-министр өз милдетин жөндөй албаган министрлер менен мамлекеттик органдардын жетекчилеринен кутулуп жатканын белгиледи. «Албетте, биз кадрдык көйгөйлөрдү моюнга алабыз, бул багытта тийиштүү чаралар көрүлүп жатат. Ошондон улам, өткөн жылы 6 министр, мамлекеттик органдын 13 жетекчиси, райондун 13 акими кызматтан бошотулду, мындай чаралар дагы улантылат», - деп кошумчалады Мухаммедкалый Абылгазиев.
Добавить комментарий ×