Алтайлык туугандардын чыгармачылыгын Филармониянын сахнасынан көрө аласыздар

6 июнь 2018 19:15 1603 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Алтайлык туугандардын чыгармачылыгын Филармониянын сахнасынан көрө аласыздар Бишкек шаарына курмы 10 адамдан турган алыскы Алтайлык чыгармачыл топ келди. Алардын арасында ырчы, бийчи, музыкан, жамакчы жана башка Алтайлык исскуство чеберлери бар. Ишчараны уюштуруучу Наталья Токованын айтымында, “Алтай-аталардын мекени” аталышындагы концерт 7-июнда саат 18.30да Токтогул Сатылганов атындагу улуттук Филармониянын чоң залында өтөт. Анын жүрүшүндө кыргыздын белгилүү исскуство чеберлери менен Алтайдан келген таланттардын шоу концертине күбө болууга шарт түзүлөт. Бул ишчаранын максаты – бир тууган алтай жана кыргыз элинин маданий, достук мамилесин бекемдөө болуп саналат. 5-июнда Бишкекке учуп келген алтайлыктар, кыргыз элинин тышкы келбети гана эмес, маданияты да окшоштугун айтып, биргелешип өтө турган концерт өтө кызыктуу жана пайдалуу болоорун айтышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/altajlyk-tuugandardyn-chygarmachylygyn-filarmoniyanyn-sahnasynan-kr-alasyzdar



Добавить комментарий