Алсыз аялдар кандай каталарды кетирет?

9 апрель 2019 10:03 22601 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Аялзаты албетте алсыз болуш керек, бирок чыныгы аялзатына таандык алсыздык, мээримдүүлүк, түшүнүктүүлүк деген маанидеги алсыздык болуш керек. Мындай учурда башка нерселер аялдын чыныгы алсыз аял экенинен кабар берет. Алар кайсылар? Алсыз аялдар жүрүм-турумунда кандай каталарды кетирет.  

Үйдөн макияж менен гана чыгат

Мындай аялдар боенбой элге көрүнүүдөн уялат. Бетине боекту абдан көп колдонот. Бул айымдарда өзүнүн сырткы келбетин кабыл албоочулук деген психологиялык өзгөчөлүк катуу иштейт.

Баш тартууну билбөө  

Өзүнүн ордун жана баасын билбөө алсыз аялдын белгиси, мындай аялдар жок деп айта албайт.Баарынын же болбосо жубайынын көңүлүн алам деп жатып акырында айланасындагылар же күйөөсү аны сыйлабай калат.

Чатак чыккан кезде жашынып калат

Орду менен чатакты чече билүү да чоң өнөр, алсыз аял баарына баш ийип күнөөлүү боло бергенди жакшы көрөт.

Мен сулуу эмесмин!  

Ал өзүн сулуу эмес сезгендиктен жашоодо көз карандылык деген ооруга кабылат. Өзүн башка аялдардан кем сезген психологиялык абал анын жашоосуна көптөгөн кыйынчылыктарды алып келет.

Биринчи орунда айланадагылардын пикирин коет

Алсыз аялдын дагы бир белгиси биринчи орунга айланадагылардын пикирин коет. Алардын пикирин угуп кеңешип, бирок чечимди өзү чыгарган аял дайыма өзүнүн позициясын карманып жүрөт.

Жогорудагы белгилер сизде жокпу карап көрүп, эгер бар болсо өзүңузду өнүктүрүүгө аракет кылып терс зыян алып келе турган сапаттардын үстүндө иштегенге аракет кылыңыз!

 

Ссылка: https://barometr.kg/alsyz-ayaldar-kandaj-katalardy-ketiret



Добавить комментарий