Алмаз Кененбаев айымдарды 8-март майрамы менен куттуктады

6 март 2019 17:26 1378 Barometr
Бөлүшүү:
ok

КРнын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев бүгүн, 6-мартта мамлекеттик Ала-Арча резиденциясында өткөн Улуттук форумда 8-март-Айымдардын эл аралык майрамы менен куттуктады.

“Урматтуу айымдар! Сиздерди келе жаткан 8-март Эл аралык аялдар күнү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын атынан жана өзүмдүн атымдан куттуктоого уруксат этиңиздер.

Бул күндөрү дүйнө өлкөлөрүндө айымдарды куттуктоо менен чектелбестен, аялдардын коомдогу орду, алардын укуктарын коргоо боюнча жетишкендиктер, чечилбей келе жаткан маселелер жана замандын чакырыктары (талаптары) боюнча жыйынтыктар дагы көтөрүлүп, талкууланат.

Андыктан, бул иш-чара өз убагында өткөрүлүп жаткандыгын белгилеп кетким келет. Анткени региондорду өнүктүрүү боюнча кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын ишке ашырууда, жер жерлердеги социалдык топтордун активдүүлүгүнөн дагы көп маселенин чечилиши түздөн-түз байланыш.

Баарыбызга маалым болгондой, Кыргызстанда 453 айыл өкмөт жана 31 шаар бар. Калктын жарымынынын көбүн түзгөн, коомубуздун өзөктүү, маанилүү жана прогрессивдүү бөлүгү  бул аялзаты болуп саналат. Демек, маселелерди чечүүдө айымдар жергиликтүү кеңештердин ишинде катышуусу зарыл. Анткени алар үй-бүлө жана ошондой эле коомдук, саясий, экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүүгөгө багытталган маселелердин чечилишинде өзгөчөлөнгөн көз карашы менен өздөрүнүн салымын кошоорунда шек жок.

Белгилей кетчү нерсе, Кыргызстан Борбордук Азия регионунда биринчилерден болуп парламентте айымдардын катышуусун камсыздоо, үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана укуктук актыларды кабыл алууда гендердик экспертизадан өткөрүү боюнча  тийиштүү мыйзамдар кабыл алынган. Андан тышкары 2018-жылдын 25-декабрында Жогорку Кенеште расмий каттоодон өткөн.

Андыктан Сиздер көтөрүп жаткан маселелер дагы тийиштүү бийлик органдарынын көзөмөлүндө тургандыгын айта алам.

Урматтуу айымдар!

Сиздер жакшы билгендей, кыргыз коомунда айымдар дайыма өтө сыйлуу, урматтуу орунду ээлеп келген.

Каныкей, Айчүрөк, Жаңыл-мырза, Акылкарачач, Курманжан датка энелерибизди ар дайым сыймыктануу менен эскеребиз!

Ушул улуу апалардын жолун улап келе жаткан Сиздерди жаз майрамыңыздар менен куттуктайм!

Сиздерге жана жакындарыңызга чың ден-соолук, бактылуу жашоо, аманчылык жана жүргүзүп жаткан ишиңиздерге ийгилик каалайм!”,-деп айтылат куттуктоодо.

 

Ссылка: https://barometr.kg/almaz-kenenbaev-ajymdardy-8-mart-majramy-menen-kuttuktady



Добавить комментарий