Алматыда глобалдык экономиканын санарип келечеги талкууланууда

31 январь 2020 10:31 1071 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын Алматы шаарында “Digital Almaty: глобалдык экономиканын санарип келечеги” аттуу эл аралык форум өтүүдө. Ага Кыргызстандан вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган делегация катышууда.

Быйыл форумдун катышуучулары Big Data жана жасалма интеллект маселесин талкуулашат. Ага ЕАЭБге мүчө мамлекеттин өкмөт башчылар, IT тармагындагы эл аралык эксперттер, окумуштуулар, ишкерлер катышууда.

Форумда ЕАЭБдин санарип күн тартиби, IT компанияларды өнүктүрүү, билим берүү жана туруктуу өнүгүүгө жетиүү маселелери каралат.

Ошондой эле, иш чаранын жүрүшүндө IT тармагында жетишилген аракеттердин көргөзмөсү өтөт. Андан сырткары биринчи жолу #DigitalAlmatyAwards сыйлыгын тапшыруу аземи өтөт.

Ссылка: https://barometr.kg/almatyda-globaldyk-ekonomikanyn-sanarip-kelechegi-talkuulanuuda



Добавить комментарий