Алма аялды 17 жылга жашартат
Окумуштуулардын айтуусу боюнча, алма жемиши аялдардын жаш көрүнүшүнө жардамын тийгизет экен. Керек болсо, назик жан айымдар ал 17 жылга чейин жашаруусу да мүмкүн экен.
Күн сайын алма жеген адамдын организми жашарып, картаю процесси акырын жүрөт. Окумуштуулардын акыркы изилдөөсү ушуну далилдеди. Жемиштин курамындагы витаминдер менен башка дагы элементтер өзгөчө кыз баласына пайдалуу.
Адистердин айтуусу боюнча, алманы туруктуу түрдө жеген адамдын териси менен организдеги зыяндуу микробтор жоюлуп, жагымсыз процесстерди жайлатат. Анын башкы себеби, жемиштин курамында флавоноид жана полифенол заттары көп кездешет экен. Бул элементтер жүрөктүн жумуш иштөөсүн жакшыртып, картаю процессин жайлатат.
Аталган изилдөө учурунда аныкталгандай, алма аялдарды 17 жылга жашартат экен. Алма сырткы келбетти гана сулуулабай, айымдардын бүтүндөй ички түзүлүшүн жакшыртары көрүндү.
Нью-Йорк университетинин окумуштууларынын айтуусу боюнча, күнүнө 1 жаңы үзүлгөн алма жеген адамдын организминде зыяндуу шишик оорусуна чалдыгып калуу коркунучу төмөндөйт.
Ссылка: https://barometr.kg/alma-ayaldy-17-zhylga-zhashartat
Добавить комментарий ×