Алишер Абдрахманов Баткен облусунун башчылыгына дайындалды
Бөлүшүү:
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Алишер Абдрахманов дайындалды. Бул тууралуу "Барометр" сайтына өкмөттөн кабарлашты.
Эске салсак, Баткен облусунун буга чейинки башчысы Акрам Мадумаров вице-премьер-министр болуп дайындалгандан кийин орду бош турган.
Абдрахманов буга чейин өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары болуп иштеп келип, 2018-жылы аталган кызматтан бошотулган болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/alisher-abdrahmanov-batken-oblusunun-bashchylygyna-dajyndaldy
Добавить комментарий ×