Алина Жетигенова кызы Элманы турмушка узатты (видео)

28 сентябрь 2020 17:39 11595 Barometr
Бөлүшүү:
ok

КРдин Эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова кызы Элманы турмушка узатты. Бул тууралу ырчы өзү  “Барометрге” билдирди.

Кече, 27-сентябрда Алина Жетигенова бир тууган кайнисинин кызы Элманы турмуш жолуна узатты.

“Элманы кичинекейинен биз багып, чоңойтконбуз. Ошондуктан кызым деп эсептейм. Ичим ачышып, бир аз толкунданып жатып кызымды турмушка узаттык. Кызыбыз 21 жашта, Чүйгө келин болду. Күйө балабыз Санжар 23 жашта. Кыргыздын салты менен, кыз узатуу тоюн өткөрдүк. Эми буюрса жакында үлпөт тоюу болот. Элма кызыма арнап жаңы чыгарма жаздырдым. “Кызыма” аттуу жаңы ырымды ырдап, өзүм узаттым”, -деди Алина Жетигенова



Ссылка: https://barometr.kg/alina-zhetigenova-kyzy-elmany-turmushka-uzatty-video



Добавить комментарий