Алимент маселесин чечип берем деп пара талап кылган сот аткаруучу кармалды – видео

12 март 2020 13:14 1110 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жакында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын (КМК) Аймактар аралык башкармалыгына кызмат адамы тарабынан коррупциялык багыттагы мыйзамга каршы иш-аракеттеринин жасалып жатканы  жөнүндө маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгына 30 жаштагы А.Б. аттуу жарандан арыз келип түшүп, анда Ош облусунун райондук сотунун сот аткаруучусу алиментке байланыштуу маселени чечип берем деп 50 000 сом акча каражатын талап кылып жаткандыгы жана ага карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.

Аталган факты боюнча  топтолгон материал КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 326-беренесинин (Пара талап кылуу)  негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 10-март күнү райондук соттун сот аткаруучу кызматкери  талап кылган акча каражатын накталай алып жаткан жеринен кармалган.

Анын иш бөлмөсүн тинтүү учурунда башында белгиленген 50 000 сом акча каражаты табылган. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.


Ссылка: https://barometr.kg/aliment-maselesin-chechip-berem-dep-para-talap-kylgan-sot-atkaruuchu-karmaldy-video



Добавить комментарий