Алгачкы жыныстык катнашта кош бойлуу болуу мүмкүнбү?
Алгачкы нике түндө кыз киши дароо керемет сезимге бөлүнбөйт. Себеби, кызда бул биринчи жолу болуп жаткандыктан ооруп, уялып, өзүн эркин сезе албайт. Бул кезде жигит аны калабай турат деп ойлошу мүмкүн. Антпестен, кызды акырын жыныстык катнашка даярдаш керек. Ага жылуу сөздөрдү айтып, өпкүлөп, өз сезимиңизди жеткириңиз. Аны менен өтө назик болуш керек. Себеби бул түндө сиз кыйнап, коркутуп койгон болсоңуз, кыздын көңүлү калып, жыныстык канташ жалаң гана жаман таасир калтырыш мүмкүн.
Ал эми кыздар өз тарабынан биринчи тундүн оордугун сезе билиши керек. Дароо эле кумар алып, оргазм алуу деген болбойт. Бара-бара жыныстык катнашка көнгөндөн кийин гана кумар алууга болот.
Жубайлар кош бойлуулукту алдын алуу үчүн жана жыныстык жол менен тараган ооруну жуктуруп албаш үчүн презерватив колдонуу керек. Алгачкы жолу болгондон кийин атайы майы бар презерватив тандаган оң. Же болбосо дарыкандан майды (смазка) алыңыз. Анткени жаш кызда башында табигый суу аз бөлүнөт. Коопсуз канташ өтө маанилүү. Жыныстык катнашка түшүү үчун ыңгайлуу жер тандаңыз. Жигитиңизге ишенимдүү болуңуз. Кош бойлуулуктан сактанып, тазалык гигиенасын сактаңыз.
Алгачкы катнаштан кийин гинекологко милдеттүү түрдө көрүнүңүз. Анткени организмде чоң өзгөрүүлөр орун алат. Дарыгер карап, жугуштуу инфекциянын бар – жогун, жыныс мүчөлөрүнүн абалын текшерет. Албетте, кош бойлуу болгон болбосоңуз, дароо билинбейт. Ошенткени менен биринчи жолу болгондон кийин кош бойлуу болуп калуу толук мүмкүн.
Ссылка: https://barometr.kg/algachky-zhynystyk-katnashta-kosh-bojluu-boluu-mmknb
Добавить комментарий ×