Алдамчылар картадан акчаны кантип алышат?

29 апрель 2019 09:46 3343 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүнкү күндө көп адамдар акчаны картадагы эсебине сакташат. Ошондуктан алдамчылар картадагы акчаны кантип алышат жана кантип алардын курмандыгы болуп калбаш керек деген суроо бүгүнкү күндүн эң актуалдуу суроолорунун бири.

Алдамчылар карточкадан кантип акча алып кетишет?

-сиздин картанын номерин жана пин-коддуу билип калуу менен, ошондуктан бул тууралуу маалыматты эч кимге айтпоо керек.

-картанын реквизиттери менен аны коддун дүкөндөгү сатуучулар көп билип калат, ошондуктан соода кылып бүткөндөн кийин накталай төлөм кылууга аракет кылыңыз же болбосо башка адам байкабай тургандай кылып цифраларды териңиз.

 - картанын реквизити тууралуу сураган телефон чалуу же СМС аркылуу.

 -көчөдөгү банкоматтар менен терминалдарга атайын түзүмдөрдү-скриммерди орнотуп коюулары мүмкүн. Бул учурда карта тууралуу маалымат окулат жана алдамчылар анын дубликатын пайдаланып акча алып кетишет.

Уурулар акчаны уурдап кеткен учурда эмне кылуу кажет?

Эгерде акча азайып калганын байкасаңыз анда төлөнө элек айып пулдарыңыз, насыяларыңыз жокпу эстеңиз.

Башка учурда акча жоголгондо банкка чалып карточканы блоктоп салуу кажет. Бул уурулук болгону тууралуу фактыны каттоого жардам берет.

Андан соң банкка барып уурулук тууралуу арыз жазып, ошондой эле укук коргоо органдарына дагы арыз менен кайрылуу кажет.

Карточканы жоготуп алган учурда дагы тез арада банкка телефон чалуу керек.

Ссылка: https://barometr.kg/aldamchylar-kartadan-akchany-kantip-alyshat



Добавить комментарий