“Алатай” паркындагы коркок аюунун видеосу соцтармакта талкууланууда
Бүгүн, 12-августта Жалал-Абад областынын Токтогул районундагы “Алатай” мамлекеттик паркында жүргөн токойчулар аюудан качып, андан соң аюу алардан коркуп качкан тууралуу видео социалдык тармакка жарыяланды. Бул тууралуу токойчу Нуржигит Мамбеталиев билдиргенин “Барометр” кабарлайт.
“Аюу жаныбызга келгенде чоң жана айбаттуу экенин көрдүк, үч метрдей жакын кирип келди. Бирок биздин кыйкырыктан улам кайтты, кыйкырдык коркконубуздан. Кийин аюу качып баратканда телефонго тартып жатып катуу үн чыгарып сүйлөй бериптирмин. Биз тартканча узап кетти элүү метрче. Кийин үңкүргө кайра бардык.Тагырагын тартуу үчүн, баары видеодо бар. Берки тоону ашсак дагы бир аюу бар экен ал аюу өтө чоң корунду. Кыйкырсак качкан жок. Бир үңкүргө кирип кетти. Ага үч жүз метрче бардык чыккан жок аркы тоого өтө алган жокпуз”,-деп окуя тууралуу баяндады Мамбеталиев.
Мындан кийин токойчулар үңкүрдүн ичине кирип аюуну карашкан.
Эскерте кетсек, “Алатай” мамлекеттик жаратылыш паркы 2016-жылы январь айында түзүлгөн. Парктын уюштуруунун максаты уникалдуу жаратылышты жана биотүрдүүлүктү сактоо. Анын аянты 56 826,4 гектар жерди ээлейт.
Ссылка: https://barometr.kg/alataj-parkyndagy-korkok-ayuunun-videosu-soctarmakta-talkuulanuuda
Добавить комментарий ×