Жерүйдүн экологиялык төлөмдөрү бир жарым айда 2,5 миллион сомду түздү
"Альянс Алтын" ишканасы айлана-чөйрөнү коргоо боюнча төлөмдөрдү өкмөт койгон талаптардын негизинде ишке ашырып жатат. Бул тууралуу "Альянс Алтын" ишканасынын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык төлөмдөр, КРнын өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-сентябрындагы No 559 токтому менен бекитилген, төлөмдү аныктоонун методикасына ылайык жүргүзөт.
“2018 -2020-жылдары экологиялык төлөмдөр 2 миллион сомдон ашык сумманы түздү. Ишкана ушул жылдын биринчи кварталынын бир жарым айында эле, Талас аймактык башкармалыгына 2 550 873 сом которду.
Жерүй кенин иштетүү башталгандан бери, "Альянс Алтын" ишканасы айлана-чөйрөнү экологиялык мониторингдөө программасын иштеп чыгып, ишке ашырып келет. Мониторинг жылдын бардык мезгилдерин камтууга арналган.
Сууларды изилдөө 20 көрсөткүчтө жана лабораториялык шарттарда 45 көрсөткүч боюнча жүргүзүлдү. Табигый суунун сапатын текшерүүнүн натыйжасында терс четтөөлөр аныкталган жок. Химиялык курамдын бардык көрсөткүчтөрү жол берилген концентрациянын чегинде экенин көрсөтүп турат. Жерүй, Чоң-Чычкан, Кулмамбес, Түш-Ашуу, Үч-Кошой дарыяларындагы суунун курамы жана сапаты буга чейин, кыш мезгилине белгиленген мүнөздөмөлөргө ылайык, (суунун аздыгы) дал келет.
Калдык сактоочу жайынын ылдый жагында жана жогору жагында байкоо жүргүзүүчү кудуктарды изилдөөнүн натыйжалары боюнча, калдыктардын жер астындагы сууларга тийгизген таасири аныкталган жок.
Ишкананын буу казандарындагы күл чогултуучу заводдордун ишине жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, буу казандарынан чыккан күлдөрдү күлдөн тазалоо натыйжалуулугунун деңгээли көрсөтүлгөн ченемдик талаптарга жооп берет”,- деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/zherjdn-talastyn-ajlana-chjrsn-korgoogo-chegerlr-kbjd
Добавить комментарий ×