Бишкекте кудуктан белгисиз адамдын сөөгү табылды
Бөлүшүү:
Бишкек шаарынын Аламүдүн районунун Энергетик шаарчасында жайгашкан турак үйдүн жанындагы кудукта (люк) белгисиз адамдын сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат бөлүмү билдирди.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, эркек кишинин сөөгүн кудуктан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/alamedinde-kudukta-lyuk-belgisiz-adamdyn-zhansyz-denesi-tabylgan
Добавить комментарий ×