Аламүдүндө өлкөнүн ар тарабынан келген айыл аймак башчылары билимин жогорулатты
Аламүдүн айыл аймагында өлкөбүздүн булуң бурчунан келген айыл аймактын башчыларынын жана өкүлдөрүнүн катышуусунда Өнүктүрүү саясатынын институтунун “Жергиликтүү демилгени сыноо” долбоорунун негизинде жаңы аспаптарды колдонуу менен ЖӨБ органдарынын жана калктын өз ара аракеттенүүсү деген темада тажрыйба алмашуу семинары болуп өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Тажрыйба алмашуу боюнча иш-чаранын максаты — жергиликтүү бюджеттин каражаттарын башкаруунун жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жамааттын реалдуу катышуу активдүүлүгүн жогорулатуу. Андан сырткары жергиликтүү демилгенин алкагында ишти уюштуруу меселеси боюнча тажрыйба алмашуу.
Семинардын алкагында ЖӨБ боюнча адис Султан Майрамбеков жергиликтүү бюджеттин каражаттарын башкарууда жамааттын реалдуу катышуусу тууралуу айтып берди.
Андан соң Аламүдүн айыл аймагынын башчысы Найзабек Көлбаев “ЖӨБ органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуунун жана каржылоонун тартиби жөнүндө” Жобону киргизүү боюнча айыл аймактын тажрыйбасын түшүндүрдү.
Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө практика жүзүндө ичүүчү суу, таштандыны жыйноо, чыгаруу жана жок кылуу, маданиятты жана спортту өнүктүрүү, коомдук транспортту жүргүзүүнү кантип ишке ашыруу керектигин ачыктады. Ошону менен бирге катышуучулар Аламүдүн айыл аймагынын муниципалдык объекттерин кыдырып чыгышты.
Ссылка: https://barometr.kg/alamdnd-lknn-ar-tarabynan-kelgen-ajyl-ajmak-bashchylary-bilimin-zhogorulatty
Добавить комментарий ×