Видео. Токтогулда короо-короо мал калың карда калды. Малчылар аларды сактап калуу аракетин көрүп жатышат
Токтогул районунун Кара-Жыгач айылынын Суусамыр жайлоосунан келе жаткан малчылары катуу жааган карда калышты. Бул тууралуу маалыматты Мирлан Жаналиев аттуу facebook колдонуучу өзүнүн баракчасына жазды. Ал буга байланышкан видеону баракчасына жайгаштырып, окуя Суусамыр жайлоосунан Токтогулга ашкан Даван ашуусунда тартылганын, Өкмөт тезинен көңүл буруп, жардамга келсе жакшы болорун жазып, билдирүү калтырган.
Видеодо калың карда бээлер карды жиреп жол салганы, атчан малчылар чыйыр жол менен шурудай тизилип келаткан кой-эчкини ылдыйды көздөй айдап жатканын көрүүгө болот.
Видеону ким тартканы айтылган эмес. Бирок ал кардын калыңдыгы 2 метрден ашканын, канча мал коопсуз жайга чыгарылып жатканы тууралуу баяндаганын көрүп, угууга болот.
Добавить комментарий ×