Видео. Казарман айылына 1 метр калыңдыкта кар жаады
Сентябрь айында эле Жалал-Абад облусунун эң четте жайгашкан Тогуз-Торо районунун Казарман айылына 1 метр калыңдыктагы кар жаады.
Бул тууралуу Shamshiev Syimyk аттуу facebook колдонуучу өзүнүн баракчасына жазды. Ал кар жаап, шамал коштоп, жолго кар күрткү түшүп жабылып турган учурдагы видеолорду жүктөп, буга жергиликтүү бийлик чара көрбөй жатканы бууралуу билдирүү калтырган.
“Мына сага!!!
Сентябрь айындагы кар...
Бул жер Жалал-Абад облусунун эң четте жайгашкан Тогуз-Торо районунун Казарман айылы. Ал жерде негизги жолго 1 метр кар жаап, учурда жол убактылуу жабылды. Бирок, ушу күнгө чейин ал жердеги жергиликтүү бийлик эч кандай чара көрбөй жатканыны өкүндүрөт."Алыскы сапарга чыккан жүргүнчүлөр жана туристтер жолдун жабыктыгынан ара жолдо калышкан. Күн өтө суук. Тиешелүү өкүлдөр кабар алып, жолду эртерээк ачса болот эле"- деп нааразы болуп жатат жергиликтүүлөр”.
Эске сала кетсек, бүгүн Тогуз-Торо районунда аба-ырайы кескин өзгөрүп, кар күрткүлөрү пайда болуп жана жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө максатында, Тогуз-Торо районунун акиминин 2019-жылдын 10-сентябрындагы оозеки буйругунун негизинде Тогуз-Торо–Жалал-Абад унаа жолу убактылуу жабылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирген болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/sentyabrda-ele-zhalal-abaddyn-kazarman-ajylyna-1-metr-kalydykta-kar-zhaady
Добавить комментарий ×