Ала-Тоо аянтындагы кагылышуудан бир нече адам жаракат алып ооруканага түштү
Кече, 5-октябрда борбор калаанын Ала-Тоо аянтында митинг болуп, күч органдары митингчилерди күч менен таратууга аракет кылышты.
Натыйжада, Бишкектин Ала-Тоо аянтында акцияга чыккан адамдар тобу менен милиция кызматкерлери кагылышты.
Алдын ала маалыматка караганда, 120дан ашуун адам жаракат алып, ооруканага түшкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Ал эми Бишкектеги Улуттук травматология жана ортопедия борборуна 65 адам түшкөн, анын кыркы күч органдарынын кызматкерлери. Эки бейтап реанимацияга жаткырылган.
Улуттук госпиталга 40 жабырлануучу кайрылып, экөө башынан жаракат алып, реанимацияга түштү. Улуттук хирургия борборуна жети бейтап кайрылган.
Ошондой эле Бишкекте «Тез жардам» кызматынын фелдшерине кол салуу болуп, ооруканага түштү. Эки «Тез жардам» машинеси талкаланганы белгилүү болду.
Кече, 5-октябрда шалоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар жана алардын тарапкерлери нааразычылык акциясына чыгышкан. Кечке маал күч органдарды элди күч менен таратууга аркет кылган. Жыйынтыгында эл менен күч органдарынын ортосунда кагылышуу чыккан.
Ссылка: https://barometr.kg/ala-too-ayantyndagy-kagylyshuudan-bir-neche-adam-zharakat-alyp-oorukanaga-tsht
Добавить комментарий ×