"Ала-Тоо" аянтында “Кыргызстан келечектүү жана туруктуу өлкө” аталышында флешмоб болду

12 ноябрь 2020 13:05 450 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында ар кыл кесип ээлеринин катышуусунда “Кыргызстан келечектүү жана туруктуу өлкө” аталышында флешмоб уюштурулду. Бул тууралуу маданият министрлигинин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

11-ноябрда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, ага караштуу Туризм департаменти, KOICAнын алдындагы "MDK Silk Road" кореялык уюму менен биргеликте “Ала-Тоо” борбордук аянтында “Кыргызстан - келечектин жана туруктуулуктун өлкөсү” туристтик флешмобун өткөрдү.

“Туристтик флешмобдун максаты - туристтик потенциалды кеңири жайылтуу, өлкөнүн жагымдуу имиджин жогорулатуу, туризм тармагын калыбына келтирүү жана андан ары өнүктүрүү, дүйнөлүк коомчулукка Кыргыз Республикасында туруктуу акыбал байкалгандыгы жөнүндө жарыялоо.

Флешмобдун алкагында улуттук эстрада жылдыздары, белгилүү комузчулар, президенттик камералык оркестр, саламаттыкты сактоо кызматкерлери (дарыгерлер, медайымдар) жана “Тазалык” МИнын кызматкерлери, белгилүү бий топтору өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Флешмобдун алкагында туристтик видеолор түзүлүп, алар YouTube, Facebook, Instagram социалдык тармактарына жайгаштырылат, ошондой эле дипломатиялык каналдар аркылуу таратылат.

Иш-чара тийиштүү мамлекеттик органдар жана Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы “(COVID-19) коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучун азайтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” № 244 токтому менен бекитилген талаптарды сактоо менен өткөрүлдү”, - деп айтылат билдирүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/ala-too-ayantynda-kyrgyzstan-kelechekt-zhana-turuktuu-lk-atalyshynda-fleshmob-boldu



Добавить комментарий