«Ала-Арча» резиденциясында президенттин маалымат жыйыны өтүп жатат
«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун басма сөз жыйыны өтүп жатат. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.
Иш-чара мамлекеттик каналдардан жана социалдык тармактагы баракчалардан түз эфирде чагылдырылууда.
Маалымат жыйынында президент өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу маалымдап жана ЖМК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берет.
Иш-чарага Министрлер кабинетинин өкүлдөрү дагы катышып жатат.
Жалпысынын 89 редакциядан 150 ЖМК өкүлдөрү аккредитациядан өткөн.
Ссылка: https://barometr.kg/ala-archa-rezidenciyasynda-prezidenttin-maalymat-zhyjyny-tp-zhatat
Добавить комментарий ×