Президенттин маалымат жыйыны социалдык түйүндөрдө түз эфирде чагылдырылат
Поделиться в:
Президент Садыр Жапаров эртең, 23-октябрда атамекендик жана чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ири маалымат жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришканын “Барометр” маалымдайт.
Иш-чарада мамлекет башчысы өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берип жана ЖМК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берет.
Маалымат жыйын КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын, ошондой эле социалдык түйүндөрдүн баракчаларында түз эфирде чагылдырылат.
Түз эфир башталышы – 23-октябрь, саат 11.00.
Ссылка: https://barometr.kg/prezidenttin-maalymat-zhyjyny-socialdyk-tjndrd-tz-efirde-chagyldyrylat
Добавить комментарий ×