Акжолтой Бекболотов «Кыргызфильм» киностудиясынын директору болуп дайындалды
Бөлүшүү:
Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын директору болуп Акжолтой Бекболтов дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрилигинин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Эмгек кодесинин 55-58-беренелерине жана КРын өкмөтүнүн 2013- жылдын 3- майындыг №236 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлиги жөнүндө” жобонун 13- пунктуна ылайык, Акжолтой Бекболотов Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын директору болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков кол койду. Акжолтой Бекболотов буга чейин “Айтыш” коомдук фондунун директору болуп иштеген.
Добавить комментарий ×