Акжол Махмудовдун агасы Египетте рейтингдик турнирде коло медалга ээ болду

24 февраль 2023 12:14 605 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Акжол Махмудовдун агасы күрөш боюнча рейтингдик турнирде коло байгеге ээ болду. Бул тууралуу “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, турнир 23-февралда Египеттин Александрия шаарында болду.

Сыймык Махмудов 63 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/8 финалдан баштап, Ирандын спортчусуна утулуп калды.   

 
 

Ирандык спортчу финалга чыгып, Махмудов 3-орун үчүн беттешүүгө мүмкүнчүлүк алды. Алгачкы беттеште кыргызстандык спортчу дүйнө чемпиону молдовалык Виктор Чебананы жеңсе, коло үчүн беттеште казакстандык балбанды жеңди. Бул медаль Сыймык Махмудов үчүн Кыргызстандын курама командасында биринчи болду.     



Ссылка: https://barometr.kg/akzhol-mahmudovdun-agasy-egipette-rejtingdik-turnirde-kolo-medalga-ee-boldu



Добавить комментарий