Акжол Махмудов Улуттук олимпиада комитетинин мүчөлүгүнө кабыл алынды

22 декабрь 2022 14:07 1531 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Грек-рим күрөшү боюнча Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетине мүчө болуп кабыл алынды. Бул тууралуу УОКтун маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, 20-декабрда Бишкекте Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин жалпы жыйыны өттү. 

Жалпы жыйындын алкагында УОКтун 2022-жылга карата аткарган иштери боюнча маалымат берилип, уюмдун уставы жаңы редакцияда бекитилип, УОКтун алдындагы Спорттук арбитраждык комитеттин жобосу бекитилди. 

Ошондой эле, УОКтун 5 жаңы мүчөсү шайланды:   

- Кубан Атагараев – хоккей федерациясынын президенти  

 - Орзубек Назаров - жеке мүчө     

- Каныбек Осмоналиев - жеке мүчө     

- Акжол Махмудов - спортчулар комиссиясынын өкүлү       

- Каныкей Кубанычбекова – спортчулар комиссиясынын өкүлү       

Ошондой эле, вице-президенттикке Руслан Маджиновдун талапкерлиги жактырылды.         

УОКтун алдындагы Спорттук арбитраждык комитеттин мүчөлүгүнө кандидаттар да бекитилди:         

- Канат Аманкулов           

- Александр Воинов          

 - Бакыт Шүкүралиев          

 - Алия Калыбаева            

 - Чынара Туратбекова            

Ссылка: https://barometr.kg/akzhol-mahmudov-uluttuk-olimpiada-komitetinin-mchlgn-kabyl-alyndy



Добавить комментарий