Акжол Махмудов Улуттук олимпиада комитетинин мүчөлүгүнө кабыл алынды
Грек-рим күрөшү боюнча Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетине мүчө болуп кабыл алынды. Бул тууралуу УОКтун маалыматына таянып “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, 20-декабрда Бишкекте Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин жалпы жыйыны өттү.
Жалпы жыйындын алкагында УОКтун 2022-жылга карата аткарган иштери боюнча маалымат берилип, уюмдун уставы жаңы редакцияда бекитилип, УОКтун алдындагы Спорттук арбитраждык комитеттин жобосу бекитилди.
Ошондой эле, УОКтун 5 жаңы мүчөсү шайланды:
- Кубан Атагараев – хоккей федерациясынын президенти
- Орзубек Назаров - жеке мүчө
- Каныбек Осмоналиев - жеке мүчө
- Акжол Махмудов - спортчулар комиссиясынын өкүлү
- Каныкей Кубанычбекова – спортчулар комиссиясынын өкүлү
Ошондой эле, вице-президенттикке Руслан Маджиновдун талапкерлиги жактырылды.
УОКтун алдындагы Спорттук арбитраждык комитеттин мүчөлүгүнө кандидаттар да бекитилди:
- Канат Аманкулов
- Александр Воинов
- Бакыт Шүкүралиев
- Алия Калыбаева
- Чынара Туратбекова
Ссылка: https://barometr.kg/akzhol-mahmudov-uluttuk-olimpiada-komitetinin-mchlgn-kabyl-alyndy
Добавить комментарий ×