Акыркы 9 айда Кыргызстанга 4 млндон ашуун чет өлкөлүк кирген
9 айда Кыргызстанга 4 миллиондон ашуун чет өлкөлүк жарандар кирген. Бул тууралук мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына таянып “Барометр” билдирет.
Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, 2022-жылдын 9 айында Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмдун классификациясына кирген алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген жарандардын жалпы саны 4 993 023 адамды түзгөн.
“Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча 2022-жылдын 9 айында туризм жана мейманканалардын жана ресторандардын ишинен республиканын бюджетине салык төлөмдөрү 643 740,7 миң сомду түздү.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети 2022-жылдын 1-жарым жылдыгынаТуристтик ишмердүүлүк чөйрөсүндө дүң кошумча нарк 10 295,5 млн сомду түздү (2021-жылдын 1-жарым жылдыгына – 8 084,8 млн сом).
ИДПга карата пайыз менен 3,1%ды түздү (2021-жылга - 2,9%).
Туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн экспорту (чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуудан түшкөн киреше) 117,9 млн АКШ долларын түздү (2021-жылдын 1-жарым жылдыгына – 64,7 млн АКШ доллары).
Туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн импорту (Кыргызстандын жарандарынын чет өлкөлөрдөгү чыгашалары), 58,6 млн АКШ доллары (2021-жылдын 1-жарым жылдыгына – 42,6 млн АКШ доллары).
Туризм тармагындагы негизги капиталга инвестиция 2977,2 млн сомду түздү (2021-жылдын 1-жарым жылдыгына – 2794,1 млн сом).
Транспорттун бардык түрлөрү менен туристтерди ташуудан түшкөн киреше 2970,0 млн.сомду түздү (2021-жылдын 1-жарым жылдыгына – 2375,0 млн. сом).
Туризм тармагындагы чекене товар жүгүртүү 3901,3 млн сомду түздү (2021-жылдын 1-кварталында – 2628,7 млн сом).
Ресторандардын, барлардын, ашканалардын жана башка даяр тамак-аш менен камсыз кылуучу ишканалардын жүгүртүүсү 3857,3 млн сомду түздү (2021-жылдын 1-жарым жылдыгына – 2249,3 млн сом).
Турагенттик кызмат көрсөтүүлөр – 584,3 млн сомду түздү (2021-жылдын 1-жарым жылдыгына – 504,9 млн сом).
Санаториялык-курорттук ишмердиктин кызмат көрсөтүүлөрү – 286,9 млн сомду түздү (2021-жылдын 1-жарым жылдыгына – 263,5 млн сом).
Мейманканалар тарабынан кызмат көрсөтүүлөр жана туристтерди жайгаштыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр 578,5 млн сомду түздү (2021-жылдын 1-жарым жылдыгына – 319,3 млн сом).
Туризм сектору менен байланышкан катталган чарба жүргүзүүчү субъекттердин саны 120,1 миң бирдикти түздү. (2021-жылдын 1-жарым жылдыгына – 117,3 миң даана).
Туристтик бизнести өнүктүрүүгө салым кошкон өнөр жай продукциясын өндүрүү 351,0 млн сомду түздү (2021-жылдын 1-жарым жылдыгына – 401,5 млн сом)”, - деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/akyrky-9-ajda-kyrgyzstanga-4-mlndon-ashuun-chet-lklk-kirgen
Добавить комментарий ×