Акын Дүйшөн Жапаров дүйнөдөн кайтты

21 август 2020 09:36 1777 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Калыңым жок, каадам бар, Кааданы билбес наадан бар", -деген ыр саптарыныны автору, акын Дүйшөн Жапаров узакка созулган оорудан улам 61 жаш курагында 20-августта каза болду. Бул тууралуу анын жакындарынын берген маалыматына таянып «Барометр» билдирет.

80-жылдардын аягында чыккан жаш акындардын бири Дүйшөн Жапаров. Ал гезит беттерине жарыяланып турган ырлары аркылуу элге таланттуу акын катары белгилүү болгон.

Айрыкча анын "Алайын десем көмүр кымбат, албайын десем өмүр кымбат" деген сыяктуу кош саптары элдик болуп кеткен. Дүйшөн Жапаровдун чыгармалары бир кезде "Асаба" гезитине бат-бат жарыяланып, алакандай болсо да баса калып окуй турган окурмандарын таап келген эле.

 «Жоголгон ырлар» деп аталган жалгыз китебин 2013-жылы Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев чыгарып берген.

Дүйшөн Жапаров 1959-жылы туулган. 1990-жылы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин бүтүрүп, «Ленинчил жаш» гезитинде кабарчы, Улуттук китепканада кызматкер болуп иштеген.

Акындын сөөгү 21-августта Ат-Башыга, өзү туулуп-өскөн Кара-Суу айылына коюлат.

Акындын тамашалуу ырларынан:

Кемпирим
Сен-банкирим, сен-вампирим, сен-пирим
Сенин мен деп тозду көйнөк, жемпириң.
Сендей мага күн да жарык чачалбайт,
Сен ооруба, мен ооруюн кемпирим.

Тил жанысаң - тилиң тинте, булдурсун.
Тилиң сууруп кууруп жечү кургурсуң.
Анткен менен аябастан камчылап,
Аалам кезип чапса арыбас дулдулсуң.
Өмүр ширин, өмүрлөшүм сен ширин,
Өзүң менен тапкан балдар эң ширин.
Сендей мага аалам кеңдик кылалбайт,
Сен ооруба, мен ооруюн кемпирим.

Ссылка: https://barometr.kg/akyn-djshn-zhaparov-djndn-kajtty



Добавить комментарий