Акылбек Султанов: “2018-жылы өлкөдөгү орточо айлык акы 15 миң 747 сомду түздү”
Бөлүшүү:
Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султановдун берген маалыматына таянсак, өткөн жылы өлкөдөгү орточо айлык акы 15 миң 747 сомду түзүп, 2017-жылга караганда 5,9 пайызга жогорулаган.
Акылбек Султанов айлык маяналар маалымат жана байланыш тармагында 14,5 пайызга, курулуш тармагында 10,9 пайызга, дүң жана чекене соода тармагында 8,7 пайызга, ошондой эле кыймылсыз мүлктөрдү сатуу жана алуу тармагында 8,3 пайызга жогорулаганын маалымат жыйынында кошумчалады.
Белгилей кетсек, 2018-жылы эң көп маяна алгандар маалымат жана байланыш тармагында иштегендер болду.
Ссылка: https://barometr.kg/akylbek-sultanov-2018-zhyly-lkdg-ortocho-ajlyk-aky-15-mi-747-somdu-tzd
Добавить комментарий ×