Осмоналиев өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болду
Бөлүшүү:
Акылбек Осмоналиев өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматына таянып "Барометр" билдирет.
"Осмоналиев Акылбек Шарипович КРнын өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.
Белгилей кетсек, Акылбек Осмоналиев буга чейин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматында иштеген.
Добавить комментарий ×