Аквапарктагы кырсыктан каза тапкан жигит Бишкектен Ысык-Көлгө эс алууга барган

28 июль 2021 09:33 1477 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көл областынын Бостери айылындагы “Алтын кум” пансионатында болгон кырсыктан каза тапкан жигит Бишкек шаарынын тургуну болуп саналат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

2003-жылы туулган С. С., пляжда эс алып жаткан. Болжол менен  күндүзгү саат 4ттөрдө аны аквапарктын аттракциондоруна көлдөн суу ала турган, диаметри 500 мм болгон насос түтүгү соруп кеткен.

Милициядан кабарлашкандай жигиттин өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Каза тапкан жигиттин сөөгү моргго жеткирилди.

Ссылка: https://barometr.kg/akvaparktagy-kyrsyktan-kaza-tapkan-zhigit-bishkekte-ysyk-klg-es-aluuga-bargan



Добавить комментарий