Актёр Самат Эркинбеков уулуна Иман деген ысым ыйгарды
Бөлүшүү:
Тамашоучу, актёр, тамада Самат Эркинбеков уулун жана жубайын төрөт үйүнөн чыгарып кетти. Бул тууралуу анын соцтармактагы баракчасына калтырган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Эркинбеков уулуна Иман деген ысым ыйгарганын айтты. Буга чейин, ал уулуна өзү ат коёрун айткан.
“Балабызга Иман деген ат койдук. Ыймандуу, элине күйүмдүү, Кудайга жакын адам болсун деген максатта”, - деп жазган ал.
Эскерте кетсек, актёрдун жубайы Чолпонай 29-октябрь күнү Бишкек шаарындагы төрөт үйлөрүнүн биринде көз жарган.
Ссылка: https://barometr.kg/aktyor-samat-erkinbekov-uuluna-iman-degen-ysym-yjgardy
Добавить комментарий ×