Актриса Айтурган Темировага Франциянын ордени ыйгарылды

2 сентябрь 2021 13:04 7790 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз актрисасы Айтурган Темировага Франциянын искусство жана адабият орденинин офицери наамы берилди. Бул тууралуу өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына Кыргызстандагы Франциянын элчиси маалымдады.

“2021-жылы Айтурган Темированын кино карьерасынын 50 жылдыгы белгиленет жана мен Франция Республикасы кыргыз актрисасына урмат көрсөтүп, ага Франциянын искусство жана адабият орденинин офицери наамын ыйгарганын кубануу менен маалымдайм. Куттуктайбыз урматтуу Айтурган!”,-деп жазды элчи Франсуа Делаус.

Искусство жана адабият ордени-Франциянын маданият министрлигине караштуу сыйлык.

Айтурган Темирова- советтик жана кыргызстандык актриса.1987-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген актрисасы, 2001-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти наамын алган. “Көзгө атарлар”, “Ысык-Көлдүн кызгалдактары”, “Ак-Кеме”, “Эрте келген турналар”, “Бөрү зындан” жана башка тасмаларга тартылган.

Учурда Чехияда жашайт.     

Ссылка: https://barometr.kg/aktrisa-ajturgan-temirovaga-franciyanyn-ordeni-yjgaryldy



Добавить комментарий