Актан Арым Кубат Ысык-Көлдө көркөм тасма тартып жатат
Режиссер Актан Арым Кубат Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айылында кино тартып жатат. Ал "Эсимде" аттуу толук метраждуу көркөм тасма. Бул тууралуу Кинематографтар департаментине шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Аталган тасмада баш карман Зарлык. Ал жыйырма жылдай бөлөк-бөтөн жерде тентип жүрүп, мекенине кайтат. Уулу Кубат аны көп жыл Орусиянын ар кайсы шаарларынан издеп, селсаяк болуп калган жеринен таап, айылына алып келет. Тасмадагы баш каарман Зарлыктын ролун Актан Арым Кубат өзү аткарат. Уулу Кубаттын ролунда режиссердун уулу - Мирлан Абдыкалыков”, - деп айтылат маалыматта.
Режиссер жана анын уулу буга чейин "Селкинчек", "Бешкемпир", "Маймыл" тасмаларында башкы каармандардын ролунда болушкан.
Ошондой эле, Анар Назаркулов, Таалайкан Абазова, Назым Мендебаиров да "Эсимде" тасмасындагы башкы актерлордон болушат.
Эске сала кетсек, Актан Арым Кубат "Свет аке", "Кентавр" ж.б. тасмалары менен жергиликтүү жана эл аралык кинофестивалдардан бир нече байгелүү орундарды алган. Режиссердун "Жөө күлүк" тасмасы дагы көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынган.
Ссылка: https://barometr.kg/aktan-arym-kubat-ysyk-kld-krkm-tasma-tartyp-zhatat
Добавить комментарий ×