Аксыдагы массалык уулануудан дагы 10 адам ооруканага жатты

5 март 2021 11:06 4385 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда массалык уулануу катталып, алты адамдын өмүрүн алган. Бүгүн, 5-мартта дагы уулануу белгилери менен бир нече адам  ооруканга жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинен “Барометрге” кабарлашты.

"Кече, 5-мартта дарыгерлер үймө-үй кыдырып, текшерүүгө алганда уулануу белгилери байкалган дагы 9 бейтапты ооруканага жаткырышты. Ал эми, бүгүн, 5-мартта таң эрте дагы бир адам кайрылган. Ошону менен мурда дарыланып жаткан бир адамды кошкондо жалпысынан Аксы аймактык ооруканасында 11 адам дарыланып жатат. Абалдары жакшы. Буюрса, абалдары турукташса бүгүн-эртеңден тарта бейтаптар үйлөрүнө чыгарыла баштайт. Бирок, үй-бүлөлүк дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат", - деди аталган мекеменин маалымат кызматы. 

Эске сала кетсек, буга чейин Аксы районунда майрамдык отурушка барган туугандар массалык түрдө ууланып, үч адам ооруканга жетпей каза болуп, дагы үчөө ооруканадан каза болгону айтылган. Бир бейтаптын абалы оор деп бааланып райондук ооруканада жатканы кабарланган.

Ссылка: https://barometr.kg/aksydagy-massalyk-uulanuudan-dagy-10-adam-oorukagana-zhatty



Добавить комментарий