Аксыда сел жүрүп, жети адам сууга агып каза тапты
Бөлүшүү:
Жалал-Абад областынын Аксы районунда сел жүрүп, кырсыктын кесепетинен 6 адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” билдирет.
Аталган маалыматка таянсак, Жаңы-Жол айыл өкмөтүндө катуу жааган жамгырдан кийин сел жүрүп, Таштак айылынан 7 адамды жана бир баланы агызып кеткен.
Издөө иштерин жүргүзгөн маалда ылай, таш аралашкан массанын арасынан 6 адамдын: эки эркек жана төрт аялдын сөөгү табылды.
Дагы эки адамды издөө уланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/aksyda-sel-zhrp-zheti-adam-suuga-agyp-kaza-tapty
Добавить комментарий ×